23.05.2019 10:01

Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева үй камагына чыгарылды

  Азиз Батукаевдин иши (4 материала)
Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева үй камагына чыгарылды

Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча камакка алынган мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактарына таянып Super.kg жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, Динара Сагинбаева 16-майда Биринчи Май райондук сотунун чечимине ылайык 26-июнга чейин СИЗО-1ге камакка алынган. Анын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен жактоочусу сотко кайрылган. Биринчи Май райондук соту кечээ, 22-майда кечинде жактоочунун өтүнүчүн канааттандырып, Сагинбаеваны үй камагына чыгарган.

«Мыйзамдагы ууру» атыккан Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш 2019-жылдын январь айында жанданган.  Анда Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдары  А. Батукаевге жалган «курч миелобласттуу лейкозу (М2-вариант)» диагнозун коюп, фактыларды жасалмалаганы аныкталган. 

2013-жылы Нарын шаардык соту дарыгерлердин бүтүмүнө таянып, Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуу чечимин кабыл алган. Ошол эле күнү ал Бишкектен Россияга учуп кеткен.

Бул иш боюнча  2011-2014-жылы саламаттыкты сактоо министри кызматын ээлеп турган Динара Сагинбаева, Кыргыз илимий гематология борборунун эки кызматкери: онколог -дарыгер Эмиль Макимбетов менен гематолог Ирина Цопова камакка алынган. 21-майда экс-вице-премьер-министр Шамиль Атаханов дагы суракка чакырылып, ошол эле күнү Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 

Кийинчерээк Сагинбаеванын үй камагына чыгарылганын Жогорку Сот тастыктады.